Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 29
Кара-Кыштак айылынын тургундарынын кайрылуусун аткаруу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыштак айылынын тургундарынын улак чабуучу жай уюштуруу боюнча кайрылуусу каралып чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” Мыйзамына жана башка колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кыштак айылынын күн чыгыш тарабындагы 5,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жайыт жерлер” категориясынан Ат майдан (улак чабуучу жер) түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Аталган аймакта мыйзамсыз жер ээлеп алуулар аныкталган учурда, аларды токтотуу жана мыйзам чегинде чара көрүү милдети Майдан айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |