Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 13-февралы № 30
Айрыбаз айылынын Какыр участкасынын тургундарынын кайрылуусун аткаруу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын Какыр участкасынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын Какыр участкасынын №1 көчөсүнө «Мечит көчөсү» деген аталыш берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |