Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрели № 33
“Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коому тарабынан белгилүүчү техникаларды Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алуу жөнүндө
“Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 15-декабрындагы №19-2-3/560 сандуу чыгыш катына жана Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 9-февралындагы №49 сандуу чыгыш каттарынын негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусунун негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик Финансылык Холдинг” ачык акционердик коому тарабынан берилүүчү техникаларды Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагына алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын толуктап, өткөрүп алуу жагы Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатовго жүктөлөт.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |