Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрели № 36
Майдан айыл аймагынын тургундары Хожибеков Умиджон, Нурматов Акжол Абдысаторович, Юлдашова Назирохан, Анаркулов Хайрулла Абдималиковичтердин кайрылууларын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, ошондой эле агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Хожибеков Умиджонго көп жылдан бери иштетип пайдаланып келген 0,10 (нөл бүтүн ондон жүз) гектар жер тилкесин мыйзам чегинде мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
2. Аэропорт участкасынын тургуну Нурматов Акжол Абдысаторовичке көп жылдан бери иштетип пайдаланып келген 0,15 (нөл бүтүн ондон он беш) гектар жер тилкесин мыйзам чегинде мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
3. Айрыбаз айылынын тургуну Юлдашова Назироханга көп жылдан бери иштетип пайдаланып келген 0,10 (нөл бүтүн ондон жүз) гектар жер тилкесин мыйзам чегинде мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
4. Аустан айылынын тургуну Анаркулов Хайрулла Абдималиковичке Бак айылынан 2006-жылы №36 токтом менен берилген жер тилкесин жашы 16 –жаш курагында берилгендигине байланыштуу кайрадан тиешелүү токтом кабыл алуу аркылуу мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
5. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча укук белгилөөчү документтерди даярдоо үчүн тиешелүү материалдар Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан оң корутунду алуу жагы менен мыйзамдаштырууга макулдук алуу жагы суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |