Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрели № 37
Көк-Талаа айылынын Аэропорт участогунун тургундарынын кайрылуусун аткаруу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын Аэропорт участогунда жайгашкан 500 (беш жүз) чарчы метр жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө жарандардын кайрылуусун, ошондой эле Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын Аэропорт участогунда жайгашкан 500 (беш жүз) чарчы метр жер тилкесинин багытын мечит куруу үчүн өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча укук белгилөөчү документтерди даярдоо үчүн тиешелүү материалдар Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан оң корутунду алуу жагы менен мыйзамдаштырууга макулдук алуу жагы суралсын.
3. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча мыйзам чегинде иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |