Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрели № 38
Майдан айыл аймагынын тургундары Аязов Талгат Таштанович, Сапаров Гүлжигит Абдикаемович, Заиров Өмүрбек, Боронов Ибраим, Халиков Сайпидин Сайдиллаевич, Маматов Шухуратбектин кайрылууларын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, ошондой эле агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфайрам айылынын тургуну Аязов Талгат Таштановичтин жеке менчикке таандык жер тилкесинин ичинен 900 (тогуз жүз) чарчы метр жердин багытын автоунаа оңдоо, авто жуу (мойка) жана соода-сатык багытына өзгөртүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Жаңы-Абад айылынын тургуну Сапаров Гүлжигит Абдикаемовичке жеке менчикке таандык жер тилкесинин ичинен 30 (отуз) чарчы метр жерге ишкана курууга макулдук берилсин.
3. Айрыбаз айылынын тургуну Заиров Өмүрбекке жеке менчикке таандык жер тилкесинин ичинен 135 (жүз отуз беш) чарчы метр жердин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
4. Достук айылынын тургуну Боронов Ибраимге жеке менчикке таандык жер тилкесинин ичинен 100 (жүз) чарчы метр жердин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
5. Маяк айылынын тургуну Халиков Сайпидин Сайдиллаевичке жеке менчикке таандык жер тилкесинин ичинен 60 (алтымыш) чарчы метр жердин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
6. Айрыбаз айылынын тургуну Маматов Шухуратбектин жеке менчикке таандык жер тилкесинин ичинен 500 (беш жүз) чарчы метр жердин багытын соода-сатык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
7. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча укук белгилөөчү документтерди даярдоо үчүн тиешелүү материалдар Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан оң корутунду алуу жагы менен мыйзамдаштырууга макулдук алуу жагы суралсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |