Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрели № 33
Маяк айылынын тургуну Ташов Омүралынын кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу, ошондой эле агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маяк айылынын тургуну Ташов Омүралынын Маяк айылындагы Сами ажы көчөсүндө жайгашкан 0,15 (нөл бүтүн он беш) гектар жер тилкесин кызы Өмүралы кызы Алтынайдын атына мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча укук белгилөөчү документтерди даярдоо үчүн тиешелүү материалдар Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан оң корутунду алуу жагы менен мыйзамдаштырууга макулдук алуу жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |