Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрели № 40
“Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 6-апрелиндеги №1 чыгыш каты жөнүндө
АРИС уюмунун “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Майдан айыл аймагына караштуу жети айылда ичүүчү суу системалары курулуп бүткөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар, архитектура, курулуш жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын оң корутундусунун негизинде, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагына караштуу жети айыл үчүн ичүүчү суунун тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
a. Айыл өкмөттүн жарандарына – 1 м³ ичүүчү суу үчүн 27 (жыйырма жети) сом 13 тыйын;
b. бюджеттик мекемелер жана ишканалар үчүн – 1 м³ ичүүчү суу үчүн 63 (алтымыш үч) сом 50 тыйын;
c. башка керектөөчүлөр (жеке ишкерлер, коммерциялык объектилер ж.б.) үчүн – 1 м³ ичүүчү суу үчүн 65 (алтымыш беш) сом 00 тыйын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |