Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-апрели № 41
Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Майдан айыл аймагынын аксакалдар сотунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, ошондой эле аксакалдар сотунун төрагасы Ж. Абдирамиовдун билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана регламент боюнча туруктуу комиссиясынын оң корутундусун эске алуу менен, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын аксакалдар сотунун жаңы курамы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
a. Абдирамиов Ж. – аксакалдар сотунун төрагасы;
b. Салиева А. – мүчө;
c. Абдулаева Ш. – мүчө;
d. Юлдашов М. – мүчө;
e. Шамшиев Ж. – мүчө;
f. Шермаматов А.-мүчө;
g. Гапаров Б.-мүчө.
2. Бекитилген аксакалдар соту өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде жүргүзсүн.
3. Ушул токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Юлдашов |