Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылышынын кезектеги 14-сессия
26.05.2026 № 39
Кыдыр Аке айыл аймагында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча
ЖЫЙЫМДЫН ОЛЧОМУН БОЮНЧА ЖОНУНДО
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасына ылайык айыл өкмөтүнүн сунушунун жана жергиликтүү кеңештин бюджет,финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш туруктуу коммиссиянын отурумунун боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын өлчөмү юридикалык жактар үчүн бир адамга бир эсептик көрсөткүч 100 (жүз) сом, жеке жактарга 0 (нол) сом деп бекитилсин.
2. Таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын мөөнөтү 1-апрель деп белгиленсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн көзөмөлдө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет,(финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш) туруктуу коммиссиянын төрагасы К.Б.Асанбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов