Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-октябры №9-11
«Кара-Таш айылдык кеңеши» мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178-Токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнундөгү» Жобосуна таянып Кара-Таш айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
Толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Кара-Таш айылдык кеңеши» мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение «Кара-Ташский айылный кенеш».
Кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Кара-Таш айылдык кеңеши» м-си.
Расмий тилде: У-е «Кара-Ташский айылный кенеш».
2. «Кара-Таш айылдык кеңеши» мекемесинин регламенти бекитилсин.
3. «Кара-Таш айылдык кеңеши» мекемесинин аткаруу органы – төрагасы болуп Муктарбек уулу Бектурсун дайындалсын.
4. «Кара-Таш айылдык кеңеши» мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери): Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Кара-Таш айылдык аймагы, Кара-Таш айылы, С.Тагаев көчөсү,71 аныкталсын
5. «Кара-Таш айылдык кеңеши» мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон Ош юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана каттоодон өткөзүү жагы, айылдык кеңешинин төрагасы Муктарбек уулу Бектурсунга жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик каттоо учуруна карата уставдык капиталды (пайлык фондду) төлөө тартиби сакталгандыгы ырасталат.
Төрагасы: Катчы: | Б. Муктарбек уулу Б.Мамарасулов |