Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры №9-12
Кара-Таш айыл аймагындагы Ноокат билимкананын жатаканасынын капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Ноокат билимкананын жатаканасынын капиталдык ремонтоо үчүн долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кара-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Таш айыл аймагынын Ноокат билимкананын жатаканасынын капиталдык ремонтун мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 480,0 (төрт жүз сексен миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы:
| Б. Муктарбек уулу |