Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 23-апрели № 156-т
Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун өркүндөтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык демилгелерин натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Байсалов Эдил Жолдубаевичке коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлүнүн функциялары жүктөлсүн.
2. Коомдук башталышта Кыргыз Республикасынын Президентинин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү Байсалов Эдил Жолдубаевич Кыргыз Республикасынын Президентине эл аралык демилгелерди ишке ашырууда көмөк көрсөтөт деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Н. Жапаров