Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры №9-13
Кара-Таш айыл аймагындагы Чечме-Сай орто мектебинин кичи фудбол аянтчасынын куруу боюнча долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Чечме-Сай орто мектебинин кичи футбол аянтчасынын куруу боюнча долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кара-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Таш айыл аймагынын Чечме-Сай орто мектебинин кичи футбол аянтчасынын курууга мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салымга 300,0 (Үч жүз миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрагасы:
| Б. Муктарбек уулу |