Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-декабры №10-1
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтү 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9-ай ичинде кошумча түшкөн акча каражаттарын иштетүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренелеринин негизинде депутаттардын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши карап чыгып токтом кылат:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө жыл ичинде кен байлыктар салыгына, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка кошумча түшкөн кирешелерди планга киргизүү жана лиценция салыгынан кыскартуу №1 тиркемеге негиз макулдук берилсин.
2. Жогорудагы №1 тиркемедеги көрсөтүлгөн кошумча түшкөн кирешеден лицензия салыгы аткарылбай калгандыгы үчүн кыскартып, калган сумманы чыгымдоого айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнин башчысына милдеттендирилсин.
3. Кыргыз республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгына негиз 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба багытындагы жер салыгынан жана транспорт салыгынан бошотулгандыгы үчүн, анын ордуна Республикалык бюджеттен келген 1703,7миң сом компенцасияны иштетүүгө №2 тиркемеге негиз макулдук берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттарды Кара-Таш айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин «экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы:
| Б. Муктарбек уулу |