Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-декабры №10-3
Кара-Таш айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин кайра пайдалануу фондунун жерлерине 2026-жылга карата ижара акысынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кара-Таш айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине, 2026-жылга карата ижара акысынын өлчөмүн аныктап, бекитип берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 -НИ буйругуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бектилген Жобонун талаптарына ылайык, Экономика, бюджет, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кара-Таш айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Таш айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине 2026-жылга карата ижара акысынын өлчөмүн аныктап, бекитип берүү максатында Кара-Таш айылдык кеңешинин экономика, бюджет, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна негиз, 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановго жана турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиске жүктөлсүн.
3.Ушул токтом Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Таш айылдык кеңешинин экономи, бюджет, ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы: | Б. Муктарбек уулу |