Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-февралы №12
Жекенди айылдык аймагынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча
кызматына тарифтерди белгилөө жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып", Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагынын абоненттерин ичүүчү суу менен камсыздоо тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу
|