Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты №15
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу №2325 жана №2326 контурундагы 1,16 га жер аянттын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесин жана Кыргыз Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловдун Шыңгыма участкасындагы №2325 жана №2326 контурундагы 1,16 га жер аянтын, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынын жайыт түрүнөн сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шыңгыма участкасындагы № 2325 жана № 2326 контурундагы 1,16 га жер аянтын, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн сугат айдоо түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган к\ндън тартып к\ч\нъ кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткорүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу
|