Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты №16
Кара-Мык айылынын тургуну Убраимов Абдилазиз Таирбаевичтин жеке менчик жерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтом
Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын Жекенди айыл аймагына караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Убраимов Абдилазиз Таирбаевичтин жеке менчигиндеги жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Убраимов Абдилазиз Таирбаевичтин 5-07-03-1002-0818 кодду менен катталган жеке менчиктеги 162 м.кв жер аянты өзүнүн арызынын негизинде Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
2. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана жер жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |