Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты №17
Кыргыз Респубиликасынын Президенттинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" №54 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 26-мартындагы № 01-52/33 жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 11-мартындагы №04-6/37 буйруктарына ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү жобосун аткаруу жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренелерин жетекчиликке алып, Жекенди айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Респубиликасынын Президенттинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" №54 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022- Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 11-мартындагы №04-6/37 буйруктарына ылайык, үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү жобосун аткаруу максатында айылдык аймакта комиссиянын курамы түзүлсүн жана жобо боюнча иш алып баруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
2. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Жекенди айылдык кеңешинин Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук жана жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Бакыбековага жүктөлсүн
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |