Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты №18
Жекенди айыл аймагынын жерлеринин инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүүнүн жыйынтыгын кароо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жерлерине инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Ош филиалы тарабынан аткарылган Чоң Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жерлеринин инвентаризациялоо материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү жумуштарынын жыйынтыгын карап чыгып, токтом кылат:
1. Жекенди айыл аймагынын жерлеринин инвентаризациялоо материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү жумуштарына макулдук берилсин.
2. Жекенди айыл аймагынын жерлеринин инвентаризация материалдарына түзөтүүлөрдү киргизүү жумуштарын бүткөрүү жана тийиштүү документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө алуу Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухаммедыканга жүктөлсүн.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |