Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-апрели №19
Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы
Шоро участкасына 1200 метр аралыкка тамчылатып сугаруу
түтүкчөсүн орнотуу максатында жер бөлүп берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын Кара-Мык айылындагы Шоро участкасына 1200 метр аралыкка тамчылатып сугаруу түтүкчөсүн орнотуу максатында жер бөлүп берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылындагы Шоро участкасына 1200 метр аралыкка тамчылатып сугаруу түтүкчөсүн орнотуу максатында жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаиловго жана жер жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |