Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-апрели №20
Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставы бекитилсин.
2. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Садыбакасов Үсөнгө жүктөлсүн.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |