Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели №21
Кара-Мык айылынын тургуну Эшов Боронбайдын айыл чарбасына жараксыз жерине турак жай салууга уруксат берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын Кара-Мык айылынын тургуну Эшов Боронбайдын 5-07-03-1003-0612 коду менен катталган, 2004-жылдагы системалык каттоодо айыл чарбасына жараксыз, мурда өз күчү менен өздөштүргөн жеке менчик жер болуп катталып калган 480 м.кв. жер аянтына турак-жай салууга уруксат берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн 26-июнь 2004-жылдагы №30 токтому менен айыл чарбасына жараксыз, мурда өз күчү менен өздөштүргөн жеке менчик болуп 5-07-03-1003-0612 коду менен катталган 480 м.кв. жер аянты калктуу конуштун ичинде жайгашкандыгына байланыштуу Кара-Мык айылынын тургуну Эшов Боронбайга турак жай салууга уруксат берилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүтүрүп берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана жер жана жер ресурстары боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга жүктөлсүн.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |