Загрузка документа…
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин зыянкеч сары чегирткелердин таралышын алдын алуу боюнча кызматташуусу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү, аймактык жана чек ара кызматташтыгын андан ары өнүктүрүүгө умтулуп, мындай кызматташтыктын өнүгүшү КМШга мүчө мамлекеттердин элдеринин кызыкчылыктарына жооп берерин түшүнүшүп, айыл чарба өсүмдүктөрү жана жайыттар үчүн зыянкеч чегирткелер өзгөчө коркунучтуу экенин эске алып,
ошондой эле түшүмдү жоготууга жол бербөө максатында
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
Тараптар натыйжалуу фитомониторингди камсыз кылуу, зыянкеч чегирткелердин алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташууну күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат.
2-берене
Бул Макулдашуунун максаттары болуп ушул Макулдашуудагы мүчө мамлекеттерде зыянкеч чегирткелердин массалык көбөйүшүн алдын алуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүү коркунучун азайтуу, ушул Макулдашуудагы мүчө мамлекеттерде фитомониторинг жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча уюмдардын биргелешкен аракеттерин макулдашуу жана ишке ашыруу, чегирткелерге каршы иштетүүлөрдүн алдында жана андан кийин адамдардын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү сактоо.
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн:
ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдар деп ушул Макулдашууга катышкан мүчө мамлекетердин фитомониторинг жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине каршы күрөшүү жаатында мамлекеттик башкаруу функцияларын жүзөгө ашыруучу, ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланышкан маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдары түшүнүлөт;
ыйгарым укуктуу уюмдар деп фитомониторинг жана зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү жаатында иш жүргүзгөн КМШга мүчө мамлекет тарабынан ыйгарым укук берилген уюмдар түшүнүлөт.
3-берене
Бул Макулдашуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
КМШга мүчө мамлекеттердин фитомониторинг жана зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү жаатындагы ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү;
зыянкеч чегирткелерге үзгүлтүксүз фитосанитардык изилдөөлөрдү жана коргоо иштетүүлөрүн жүргүзүү (пестициддерди колдонуу менен);
зыянкеч чегирткелердин мониторингинин улуттук санарип комплекстерин иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;
КМШга мүчө мамлекеттердин фитомонитринг жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча өз ара аракеттенүү маалыматтык-коммуникациялык системасын кеңейтүү.
4-берене
Тараптар зыянкеч чегирткелердин көбөйүшүн алдын алуу боюнча кызматташтыкты төмөнкү негизги багыттарда жүзөгө ашырышат:
Зыянкеч чегирткелер боюнча изилдөөлөрдү жана коргоо иштетүүлөрүн жүргүзүү, талдоо жана фитосанитардык абал тууралуу маалымат алмашуу;
КМШга мүчө мамлекеттерде мониторинг жүргүзүү, алдын алуу жана зыянкеч чегирткелердин очокторун басуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
зыянкеч чегирткелер боюнча улуттук божомолдорду даярдоо;
КМШга мүчө мамлекеттерде зыянкеч чегирткелердин жайылышы боюнча улуттук санарип программаларын жана ГМС (ГИС) – мониторинг системаларын иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;
зыянкеч чегирткелер менен күрөшүү жана мониторинг жаатында кадрларды даярдоо жана адистик кайра даярдоо, квалификацияларын жогорулатуу;
КМШга мүчө мамлекеттердин аймактарында зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү үчүн инсектициддерди колдонууда калктын коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүзүлүп жаткан иштетүүлөр жөнүндө калкка маалымдоо;
чегирткенин массалык жайылышын алдын алуу жана зыянкеч чегирткелер менен күрөшүү боюнча айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
зыянкеч чегирткелер боюнча фитосанитардык абалды жакшыртуу боюнча жетишкен натыйжаларды сактоо.
5-берене
Тараптар эл аралык келишимдерди жана КМШга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын сактоо учурунда бул Макулдашууга ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдары жана уюмдары аркылуу өз ара пайдалуу кызматташууну жүзөгө ашырышат.
6-берене
Тараптар улуттук мыйзамдарга ылайык өздөрүнүн ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдарынын жана ыйгарым укуктуу уюмдарынын тизмегин аныкташат, ал ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирме берилгенде депозитарийге берилет. Ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмегинин өзгөргөндүгү тууралуу Тараптардын ар бири мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 күндүн ичинде депозитарийге маалымдайт, ал бул тууралуу калган Тараптарга кабарлайт.
7-берене
Ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдар жана ыйгарым укуктуу уюмдар КМШга катышкан мамлекеттерге фитосанитардык изилдөөлөрдүн натыйжаларын өз ара таануу, эсепке алуу ыкмалары, фитомониторинг жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча уюмдардын өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүү ыкмаларын иштеп чыгууда ушул Макулдашуунун алкагында биргелешкен ишмердүүлүктүн конкреттүү аспектилерин деталдуу иштеп чыгуу үчүн башка маселелерге байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында биргелешкен жумушчу топторду түзө алышат.
8-берене
Ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдар жана ыйгарым укуктуу уюмдар зыянкеч чегирткелердин башка КМШга мүчө мамлекеттин чектеш аймактарына массалык жайылуу коркунучу болгондо, чегирткелер боюнча өзгөчө кырдаал режимин киргизүү (жогорку даярдыктагы өзгөчө кырдаал коркунучу) жана зыянкеч чегирткелердин миграциялоо учурунда КМШга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдарынын жана ыйгарым укуктуу уюмдарынын өкүлдөрүнө маалымат кат түрүндө кабарлайт.
9-берене
Ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдар жана ыйгарым укуктуу уюмдар зыянкеч чегирткелерге каршы колдонулган пестициддер жана иштетилген аянттар жөнүндө маалымат, тажрыйба алмашышат, мониторинг жана чегиртке боюнча маалыматты талдоо үчүн санариптик программаларды (анын ичинде геомаалымат системаларын), учкучсуз учуучу аппараттарды иште колдонууга умтулушат.
10-берене
Ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдар жана ыйгарым укуктуу уюмдар чегиртке кырдаалынын курчушунун алдын алуу жана өз убагында коргоо иштерин жүргүзүү максатында зыянкеч чегирткелердин көбөйүшүн алдын алуу боюнча иш-чараларды биргелешип пландаштырууну ишке ашырышат.
Мындай иш-чаралардын тизмеги жана мазмуну Тараптар тарабынан консультациялар жана кошумча укуктук актыларды кабыл алуу жолу менен аныкталат.
Зарыл болгон учурда Тараптар зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү максатында ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын компетенциясынын чегинде бири-бирине өз ара көмөк көрсөтө алышат.
11-берене
Кызыкдар КМШга мүчө мамлекеттердин фитомониторинг жана өсүмдүктөрдү коргоо уюмдарынын маалыматтык-коммуникациялык өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү максатында ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдар жана ыйгарым укуктуу уюмдар КМШга мүчө мамлекеттерде алардын жардамы менен зыянкеч чегирткелердтин жайылышы боюнча алынган маалыматка Улуттук ГМС (ГИС) – мониторинг жана талдоо системаларын иштеп чыгышат жана өнүктүрүшөт.
Ушул Макулдашууга мүчө мамлекеттердин фитомониторинг жана зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү жаатында дараметин бекемдөө үчүн зыянкеч чегирткелер боюнча биргелешкен кеңешмелер жана семинарлар өткөрүлүшү мүмкүн.
12-берене
Тараптар улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу уюмдарды зыянкеч чегирткелерге мониторинг жүргүзүү жана алар менен күрөшүү жана пестициддердин калдык санына, пестициддердин эталондоруна (мамлекеттик стандарттык үлгүлөргө), методикаларга талдоо жүргүзүү үчүн зарыл жабдуулар жана керектөөчү материалдар менен жабдуунун тартибин жана шарттарын өз алдынча аныкташат.
13-берене
Чек ара райондорундагы ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын адистери зыянкеч чегирткелер байырлаган жерлерди үзгүлтүксүз текшерип жана алынган натыйжалар менен алмашып турушат.
Аталган маалыматты берүү формасы, ыкмасы жана тартиби ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдар жана ыйгарым укуктуу уюмдар менен макулдашылат.
14-берене
Бул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо ушул Макулдашууга мүчө мамлекеттердин улуттук бюджеттеринде жыл сайын каралган ыйгарым укуктуу (компетенттүү) органдардын жана ыйгарым укуктуу уюмдардын эсебинен жана каражаттарынын чегинде, ошондой эле мамлекеттер (алардын чарба жүргүзүүчү субъекттери) тарабынан улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипте тартылуучу бюджеттен тышкаркы булактардын эсебинен жана алардын чегинде жүзөгө ашырылат.
15-берене
Тараптардын макулдугу боюнча бул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, алар тиешелүү протокол менен таризделет.
16-берене
Ушул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө келип чыккан Тараптардын ортосундагы талаш маселелер кызыкдар Тараптардын консультациялары жана сүйлөшүүлөрү же Тараптар макулдашкан башка жол-жоболор аркылуу чечилет.
17-берене
Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду ага кол койгон Тараптар аткаргандыгы жөнүндө үчүнчү билдирүүнү депозитарий алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ички мамлекеттик жол-жоболорду кечирээк аткарган Тараптар үчүн ушул Макулдашуу депозитарий тийиштүү документтерди алган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
18-берене
Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө болгон каалаган мамлекет ага кошулуу жөнүндө документти депозитарийге тапшыруу жолу менен кошулуу үчүн ачык.
19-берене
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын ар бири ушул Макулдашуудан чыгууга чейин кеминде алты ай мурда депозитарийге мындай ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү жана ушул Макулдашуу колдонулган мезгилде келип чыккан финансылык жана башка милдеттенмелерди жөнгө салуу менен чыгууга укуктуу.
Минск шаарында 2025-жылдын 29-сентябрында бир түп нускада орус тилинде түзүлдү. Түп нускасы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат, ал ушул Макулдашууга кол койгон ар бир мамлекетке анын тастыкталган көчүрмөсүн жөнөтөт.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан | Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн атынан
|
Армения Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
|
Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
| Түркмөнстан Өкмөтүнүн атынан
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
| Украина Өкмөтүнүн атынан
|
Молдова Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
|