Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели №22
Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылындагы Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга макулдук берүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын Шибээ айылындагы Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга макулдук берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Шибээ айылындагы Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектебине кичи футболдук аянтча курууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.Исмаиловго жана жер жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |