Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы №23
Жекенди айылдык аймагында таштанды салыгын бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын Жекенди айыл аймагындагы калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгуу үчүн өз ара (таштанды) салыгын бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74- беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, токтом кылат:
1. Жекенди айылдык аймагына караштуу айылдардагы физикалык жактарга (ар бир кожолукка) таштанды салыгын 2026-жыл үчүн 80(сексен) сомдон, ал эми юридикалык жатарга 100(жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Таштанды салыгын физикалык жана юридикалык жактарга отчетун берүү жана төлөмүн жүргүзүү 2026-жылдын 1-апрелине чейин кечиктирбестен төлөөлөрү белгиленсин.
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодонөткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы А.Амирбековго жүктөлсүн.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |