Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-майы №24
Жер аянттарын мамлекеттик менчиктен муниципалдык
менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Жер аянттарын мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчике өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы №813 токтому менен «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которулган Жекенди айыл өкмөтүнүн «Жекендинин талаасы» участкасындагы №1956 контурда жайгашкан 20,00га жер аянтын мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчике өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30 декабрындагы №813 токтому менен Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айыл аймагынын «Жекендинин талаасы» участкасынан (№1956 контур) калктуу конушка которулган мамлекеттик менчикте турган 20,0 га жер аянты Жекенди айыл аймагынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Калктуу конушка которулган 20,0га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алып, башкы планын бекитип жеке жарандарга Жер кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомуна ылайык жеке жарандарга турак жай куруу үчүн башкы планга ылайык бөлүп берүү Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы З.М. Исмаилов милдеттендирилсин
3. Бул токтом расмий булактарга жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Жекенди айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрүшсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн тиешелүү Ош юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга жүктөлсүн.
Төрага:
| Н.Мурзапар уулу |