Загрузка документа…
ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I- чыгарышлыштын 17-кезектүү сессиясы
2026-жылдын 16-апрели № 17
Жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34, 39 беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6- майынын № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Токтомуна ылайык, айылдык кеңеши Токтом кылат:
1. Жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмү 7 (жети) -25 (жыйырма беш) чейин сотых өлчөмүндө бекитилсин.
2. Төмөнкү-Чуй айылдык Кеңештин 2026-жылдын 6 -март № 14 Токтом күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй облустук Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын Төмөнкү-Чуй айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ш. Азизов |