Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (КЕЗЕКТЕГИ X1X СЕССИЯ)
2026-жылдын 21-апрели №10
Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо.
Раззаков шаарына караштуу жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
21-апрелиндеги №10 токтомуна тиркеме.
“Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата жайыт жерлери боюнча жүргүзгөн иштери боюнча маалымат
“Раззаков элге кызмат” муниципалдык ишканасы жыл башынан жайыт жерлер боюнча иш чараларды жүргүзүп, дегерадацияга учураган 123 га жер аянттарына Эспарцет, Тарак-Баш жана ийине кылкандуу жайыт чөп уруктары себилген.
Раззаков шаарына караштуу Серпая, Чеш-Дөбө, Шор-Булак, Төө-Жайлоо жана Шыпкыр участкаларындагы жайыт жолдорун атайын техникалары менен сүрүп тегиздөө иштөө иштери аткарылып, жалпысынан 105 км жайыт жолдору ондолгон.
Жайыт жерлериндеги зыянкеч чегирткелерди жок кылуу максатында райондук химиялизациялоо адистери менен биргеликте жумуштар аткарылды.
Раззаков шаарынын мэриясынын бюджетин көтөрүү максатында 2025-жылга карата жайыттан чогулуучу бюджетин 1 500 000 сомго бекитип, жалпысынан 1561 635 сом акча каражаты чогултулган.
“Раззаков элге кызмат” МИ
жайыт жерлери боюнча адис Б.Джолдошев