Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (КЕЗЕКТЕГИ X1X СЕССИЯ)
2026-жылдын 21-апрели №11
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
(кезектеги XIХ сессия)
2026-жылдын 21-апрели № 11
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу маселелерди кароо.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу маселелер боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу маселелери боюнча маалыматтары көңүлгө алынсын. ( Тиркеме тиркелет)
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү, аткарууга алуу жана аткарылган жумуштар боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү жагы Раззаков шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
21-апрелиндеги №11 токтомуна тиркеме.
Раззаков шаарынын мэриясынынөзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери жөнүндө
МААЛЫМАТ
Раззаков шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча 2025-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштер жөнүндө билдирүү беремин.
Раззаков шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын ӨКМнин 2025-жылга карата “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча” иш-мерчеминде бекитилген иш-чаралар алкагында 2025-жыл ичинде сел араларды мыйзамсыз курулуштардан арылтып, сел нугунун жолун ачуу, сайларды механикалык тазалоо иштери аткарылды.
Самат айылынын Чомо-Аксакал көчөсүндө селден тосмо дамбаны бекемдөө боюнча 260 метр аралыкка кум, шагыл сүрүлүп, бекемделди, 24-мартта мектеп балдар каттоочу жол ачуу үчүн 60 м аралыкка кум сүрүлүп, суунун нугу бир тарапка бурулду.. Восточная көчөсүндө, Р. Муминов көчөсүндө, Жаңы-Конушта, Тайлан айылында сел аралар ачылды. Баткен-Раззаков жолунда объездной жолдо 621 м сел жолу, Жаңы-Конушта 80 м сел жолу, А.Ходжаматов жана Чынар көчөлөрүндө 30 м сел жолдору, жалпы 731 м сел ара арыктары ачылды. А.Азизов көчөсүндө 180 метр сел ара тазаланып, Хова үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа менен 8 рейс кум ташылып чыгылды. Горький көчөсүндө 120 м, Өрүкзар, Саркент, Алтын-Бешик көчөлөрүндө 405 м узундуктагы сел ара тазаланып, ачылды. КР ӨКМ тарабынан берилген жүк ташуучу техникасы кошулуп, мэриянын жүк ташуучу жана жүк жүктөөчү атайын техникалары менен Корук, Кызыл-Кыштоо, Ак-Тилек участкаларынын жана Алтын-Бешик айылынын габион торчолор орнотулуучу селден кооптуу тилкелерине 15 рейс таш ташылып жеткирилди.
1,2 жана 7-апрель күндөрү Пионерская, Тыныбеков көчөлөрүнө габион торчолорду орнотуу үчүн 14 рейс таш ташылды. 3-апрель күнү Самат айылынын И.Бектемиров көчөсүнүн сугат суусунун башатына 2 рейс таш ташылып, сугат суу түтүгү бекемделип, 70 м сел ара механикалык тазалоодон өткөрүлдү. 9-апрель күнү Восточная көчөсүндө сел аранын нугун ачып, тазалоо иштери аткарылды. Чымкен айылынын Кызыл-Кыштоо, Ударник участкаларында 70 м сел ара ачылды. 19-апрель күнү Ак-Булак айылында 530 м аралыкка жол четине кювет ачуу менен селдин нугун буруу иштери аткарылды.
13-май күнү Тайлан айылынын Зыгырлык участкасында сел бузган жолдор оңдолду. Чымкен айылынын Жаңы-Кыштоо участкасына габион торчолорду орнотуу үчүн зуб ачылып, тело тургузулду. Алтын-Бешик айылынын Суулу-Голбо көчөсүндө сел арага көпүрө куруу иштеринде 130 м сайдын ичи механикалык тазалоодон өткөрүлдү. 25-апрелден 17-майга чейин Тыныбеков, Пионерская көчөлөрүндө габион торчолорду орнотуу үчүн зуб, тело казуу, мурда алынып келинген таштарды габион торчолор орнотуучу жайга жакындатып берүү иштери аткарылды. Раззаков-1,2,3,4 кварталдарында жамгырдан кийин бузулган жолдор грейдер менен тегизделип, оңдолду. Раззаков шаарынын мэриясынын атайын техникалары 12-май жана 28-май күндөрү Туракул-Ата көчөсүндө иштеп, 580 м аралыкка сел ара ачылды.
Раззаков шаарынын мэриясынын атайын техникалары 3-июнь жана 9-июнь күндөрү Узун-Сай көчөсүндө иштеп, 1000 м механикалык тазалоодон өткөн сайдын жээгине жол салынды. 2-июндан 17-июнга чейин Корук участкасында 150 даана габион торчолорду орнотуу үчүн зуб, тело казуу, мурда алынып келинген таштарды габион торчолор орнотуучу жайга жакындатып берүү, торчолор коюлуп бүткөндөн кийин кайра жабуу иштери аткарылды. 16 - 19-июнь күндөрү Корук көчөсүндө сайдын ичи 350 м аралыкка механикалык тазалоодон өткөрүлдү.
Август айында Раззаков шаарынын Тыныбеков участкасына 75 даана жана Алтын-Бешик айылынын Курук-Голбо участкасына 46 даана, Талан айылынын Ак-Тилек участкасына 45 даана габион торчолору орнотулуп, кооптулугун азайтуу иш-чаралары өткөрүлдү.
Жалпы Раззаков шаарынын кооптуу аймактарына 677 даана габион торчоолру орнотулду.
Чымкен айылынын Катар-Өрүк участкасында 120метр, Самат айылынын Беш-Бала участкасындагы Исфана сайынын шагылга толгон 240 метр аралыктагы жери механикалык жактан тазаланды. Беш-Бала айылындагы негизги орто мектепке баруучу жол калыбына келтирилди. А. Азизов көчөсүнөн аралап өтүүчү сел арага жана Токтогул атындагы орто мектебинин күн чыгыш тарабындагы сел алган таш дамбанын 75метрине топо сеьмкалары жасалды. Раззаков шаарынын жана караштуу айылдарга курула турган көпрөөлөргө КР ӨКМ тарабынан тийешелүү корутундулар алынды.
КР ӨКМнен жана Облустук, райондук башкармалыктарынан келген аба-ырайы жөнүндөгү билдирүү каттар өз убагында тийешелүү адистерге, жергиликтүү калкка маалымат үчүн жеткирилип турду.
Раззаков шаарынын мэриясынын
ӨК боюнча контракттык негизде адиси Ш.И. Жумагулов.