Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (КЕЗЕКТЕГИ X1X СЕССИЯ)
2026-жылдын 21-апрели №12
Шаардын калкын ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу).
Шаардын калкын ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу) маселелер боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Шаардын калкын ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу (таза суу системасын, ирригация системасынын, канализациянын, тазалоочу курулмалардын ишин камсыз кылуу)маселелери боюнча маалыматтары көңүлгө алынсын. ( Тиркеме тиркелет)
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү, аткарууга алуу жана аткарылган жумуштар боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү жагы Раззаков шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
21-апрелиндеги №12 токтомуна тиркеме.
Раззаков шаарынын алдындагы “Исфана-таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча
МААЛЫМАТ
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпысынан 24 кызматкерлер эмгектенишет; анын ичинен 4 административдик жооптуу кызматкер, 4 кассир - контролер, 2 техник-тузоотуучу, 3 суу бурчуу сантехник, 1 электрик, 6 күзөтчү, 1 чарбалык иштер боюнча адис жана 1 тех кызматкер. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Раззаков шаарынын мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Раззаков шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.
2025-жылдын алкагында“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына Раззаков шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 387 арыз катталган болсо, баардык арыздарга өз мөөнөтүндө аткарылып жооп берилип турат.
2025 – жылга Кыргыз республикасынын финансы министрлигинен бекитилип берилген бир жылдык бюджетибиз 6833880(алты миллион сегиз жуз сексен отуз уч мин сегиз жуз сексен)сомду түзсө, жыл аягына жыйылганы 8 597 471(сегиз миллион беш жүз токсон жети миң торт жүз жетмиш бир)сомго аткарылды.
2024- жылы жыйналган сумма 6 139 900 сомду түзсө, 2025-жылы 6 833 880сом бекитилсе аткарылган сумма 8 597 471 сомду түзүп анын ичинен ашыкча 1 763 591 сом акча каражаттары жаңы абоненттерди кошуудан табылган киреше каражаттары болуп аныкталды.
2003 суу пайдалануучунун короосунда суу түтүгү орнотулган,315 кожолук көчөдөгү суу түтүгүнүн суу пайдалануучулар менен келишим түзүлдү. 56 коммерциялык точкалар жана 42 мекеме уюмдар менен келишимдер түзүлдү.
Жыл ичинде “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы өз убагында өзүнө коюлган милдеттерди аткарууда туну- кундуз дебей суу пайдалануучуларды таза, сапаттуу ичуучу суу менен камсыз кылууда план тапшырмаларын аткарууда.
ЕБРР жана ЕФЦА нын каржылоосу менен “ Раззаков (Исфана) шаарынын таза суу системасын реабилитациялоо” долборуун ишке ашыруу боюнча төмөнкү жумуштар аткарылууда:
Бүгүнкү күндө женүүчү катары “СП Kanalet Insaat Elektrik Uretim Sanayi ve Ticaret A.S. » фирмасы белгиленип, 8 август 2023 -жылы контракт түзүлүп, азыркы учурда котракта белгиленген боюнча графиктин негизинде Тегирменти участкасында, Голбо участксында МКР№2 участкасында, “Айкол” участкасында, “Аэропорт” участкасында, Колхозная,Тоголок Молдо, К.Кундузов, көчөлөрундө: МКР 1 Восточная көчөсүндө, жана Жаны Конуш көчөсүндө жумуштар башталып азыркы учурда жумуштар бүтөр алдында турат. Жалпы проект боюнча жумуштун аткарылганы 98 % түзөт, бүгүнкү күндө этап-этабы менен пайдаланууга берилүүдө.
Андан сырткары казылган көчөлөр бир четтен калыбына келтирилип жалпысынан 12- көчө толук калыбына келтирилди шагылдар салынды.
Проектин алкагында 553 үй бүлө таза суу менен камсыз болушу керек болсо натыйжалуу иш алып барылып жалпысынан 770 үй бүлө кошумча кошулду.
Андан сырткары 4770 метр кошумча 110мм диаметрдеги түтүктөр орнотулду.
Жаштык участкасында быйылкы жылдын эсебинен кошумча 3500 метр суу түтүгү тартылып аталган участоктун жашоочулары үзгултүксүз таза суу менен камсыз болду.
Жыл башынан бери 51 абонент мыйзамсыз суу пайдаланып жаткандыгы аныкталып тиешелүү иш чаралардын негизинде мыйзамдаштырылып тиешелүү төлөмдөр төлөнүп тиешелүү документтер берилди.
Азыркы мезгилде подряддык компания тарабынан бүткөрүлгөн обьекттер текшерилип пайдаланууга алынып жана деффектик мезгил башталды, 2026-жылдын сентябрь айында мамлекеттик текшерүүдөн өтсө толук кандуу кабыл алынат.
Жыл ичинде Бозогул участкасына 844 метр д-100 мм элге суу түтүгү тартып берди 30 кожолук ичуучу суу менен камсыз болду, андан сырткары 98-жер тилкеси келечекте таза суу менен камсыз болот. Госспецхоз көчөсүндө 728 метр көчөсүндө суу түтүгү тартылып берилип 57 кожолук суу менен камсыз болду, Ынтымак айылынын 2-көчөсүнө жалпы узундугу 790 метр түтүк тартылып 67-абонент таза суу менен камсыз болду, ошондой эле Лесная көчөсүндө 377 метр 0.80мм диаметрди түзгөн суу линиясы орнотулуп жалпысынан 27 үй бүлө таза суу менен камсыз болду.
1-кичи район участкасындагы скважинага жаны насос орнотулуп эл өз убагында таза суу менен камсыз болду.
Тегирменти - Раззаков суу түтүгүндө Тегирменти участкасында магистралдык суу түтүгү д-200мм труба жараксыз болгондуктан өз убагында ондоо-тузөө иштери аткарылып таза суу элге берилди, ошондой эле жаңы магистралдык суу түтүгүн куруу максатында проектик документациялар даярдалууда.
Жалпысынан авариялык ситуация 2025-жыл ичинде 122 ирээт катталып анын ичинен 91 толук калыбына келтирилди.
Ар квартал ичинде, СЭС менен биргеликте сууну дезинфекциялоо иштери аткарылды.