Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (КЕЗЕКТЕГИ X1X СЕССИЯ)
2026-жылдын 21-апрели №13
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалымат угуу.
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалыматтары көңүлгө алынсын. ( Тиркеме тиркелет)
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү, аткарууга алуу жана аткарылган жумуштар боюнча шаардык Кеңешке маалымат берүү жагы Раззаков шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2026-жылдын
21-апрелиндеги №13 токтомуна тиркеме.
Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча маалымат
Раззаков шаарынын мэриясы шаардык кеңештин 2026-жылдын 31-мартындагы № 01-18/24 катынын негизинде шаардын аймагында дене-тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча шарттарды камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө төмөнкү маалыматты жиберет:
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында көрсөтүлгөн 708-бөлүм (эс алуу, спорт, маданият, дин) жергиликтүү бюджеттен алып салынган. Спорттук иш-чараларды өткөрүүдө резервдик фонддун эсебинен гана каржылык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Атап айтканда: 2026-жылдын 1-кварталында Нооруз майрамына жана шаардын 25 жылдык юбилейлик маарекесине карата шаардык деңгээлде волейбол мелдеши өткөрүлүп жеңүүүлөрдүн сыйлыктары үчүн 53000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Ал эми жергиликтүү маанидеги маселе болуп эсептелген дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу багытында аткарылып жаткан негизги иш-аракеттердин бири борбордук стадионду реконструкциялоодон өткөрүү болуп эсептелинет.
Раззаков шаарынын И.Раззаков көчөсүнүн № 2/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 24 600,0 чарчы метрди түзгөн (идентификациялык коду 8-03-04-1001-4066) борбордук стадион 2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025жылдын 7-февралындагы № 68-т тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине караштуу Лейлек райондук балдар өспүрүмдөр спорттук мектеби тарабынан Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине өткөрүлүп берилген (АКТ 13-февраль 2025-жыл). Стадионду реконструкциялоо боюнча шаар мэриясы тарабынан сатып алуулар өткөрүлүп “Арт-Дизайн” долбоорлоочу компаниясы” ЖЧК тарабынан долбоордук сметалык документтери (ДСД) даярдалган жана 2025-жылдын 1-октябрында мамлекеттик экспертизанын (реестрде № 00-1-1-281-э-25) оң корутундусу алынган. Жалпы курулуш иштеринин суммасы 241 574 971 сомду түзгөн.
Раззаков шаарынын борбордук стадионун реконструкциялоо боюнча 2025-жылдын 30-сентябрында Раззаков шаарынын мэриясы, подрядчы “Троя” ЖЧКму жана каржылоочу уюм “Евразия” Эл аралык кызматташтыкты илгерилетүү коммерциялык эмес автономдуу уюму менен биргеликте № 30-09/2025/СР сандуу үч тараптуу келишим түзүлгөн. Бирок азыркы учурда каржы маселеси чечилген жок жана башка каржы булагын табуу боюнча шаар мэриясы тарабынан жогорку органдарга кайрылуу аркылуу маселени чечүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.
Мындан сырткары, жер-жерлерде балдар үчүн ойноочу жана машыгуу аянтчаларын уюштуруу максатында 2026-жылга карата шаардын өнүгүү планына Ак-Босого айылында жана Жаны-конуш – 2 участкасында балдар ойноочу аянтчаларды куруу иш-чарасы киргизилген жана дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоого сунушталган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан долбоор жактырылган учурда иш-чара ишке ашырылат. Ал эми муниципалдык менчик департаменти тарабынан азыркы учурда шаардын аймагында башка жерлерде балдар аянтчаларын уюштуруу үчүн жерлерин аныктоо иштери жүрүүдө.