Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 27
А.Масалиев айыл өкмөт аймагынын Алыш айылындагы 400 чарчы метр жер аянтын муниципалдык менчике алууга жана аллея курууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Алыш айылындагы клуб тараптан 400 чарчы метр жер аянты аллея куруу үчүн муниципалдык менчикке алынсын.
2. Жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу боюнча тиешелүү документтерди мыйзам чегинде тариздөө жана аллея куруу үчүн долбоорлорду иштөө А.Масалиев айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |