Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 29
Айыл өкмөтүнө бронотехника орнотууга жер аянтын ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттик коопсуздук багытындагы иштерди колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө бронетехника орнотуу үчүн жер аянтын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесинин так жайгашкан орду жана өлчөмү тиешелүү мекемелер менен макулдашылып аныкталсын.
3. Жерди бөлүп берүү жана документтерди мыйзам чегинде тариздөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |