Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 30
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык корзинка цехин арендага берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы, мыйзамдуулук жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн балансындагы муниципалдык корзинка цехи ижарага (арендага) берилсин.
2. Ижарага берүү көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланып ачык аукцион аркылуу же мыйзамда каралган тартипте жүргүзүлсүн.
3. Ижара келишимин түзүү жана шарттарын аныктоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы, мыйзамдуулук жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |