Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 33
А.Масалиев айыл өкмөт аймагында таштандыларды чыгаруу жыйымын жыйноо мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна бекитип берүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексине 74,76 беренелерине ылайык, калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу максатында, ошондой эле жергиликтүү бюджетке салыктык эмес кирешелерди өз убагында жана толук чогултууну камсыз кылуу үчүн А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым төлөөнүн мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылсын.
2. Айыл өкмөтүнө:
• калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
• жыйымдарды өз убагында чогултууну камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3. Белгиленген мөөнөттө төлөмдөр жүргүзүлбөгөн учурда мыйзамга ылайык пеня эсептелери эскертилсин.
4. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |