Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 34
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетин тактоо максатында, киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү зарылдыгын эске алынып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүнө кошулган кошумча каражат 16 500 000 (он алты миллион беш жүз миң) сом бекитилсин.
3. Кошумча бекитилген каражат айыл аймактагы айылдардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жолдорду оңдоого жумшалсын.
4. Күйүүчү майга бөлүнгөн акча каражаты айылдарда техника менен жүргүзүлгөн жумуштарга жумшалсын.
5. Бюджеттик каражаттар максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
7. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |
А.Масалиев айылдык кеңешинин
2026-жылдын 24-апрелиндеги №34
токтомуна №1 тиркеме
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор | |||
| Киреше бөлугү: |
|
|
№ к/н | Кирешенин түрлөрү | беренеси | мин.сом |
1 | Киреше салыгы | 11111100 | 15000,0 |
2 | Калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу | 11321300 | 1500,0 |
| жалпы кирешенин жыйынтыгы |
| 16500,0 |
|
|
|
|
| Чыгаша бөлүгү: |
|
|
№ к/н | Аталышы | беренеси | мин.сом |
1 | Аппарат |
| 416,5 |
2 | Мүлктү учурдагы ондоого | 2221 | 200,0 |
3 | Резервдик фонд | 2824 | 16,5 |
4 | башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу | 3112 | 200,0 |
5 | ЖКХ |
| 16083,5 |
6 | КҮЙҮҮЧҮ МАЙ | 2214 | 200,0 |
7 | ар түрдүү чыгымдар үчүн ( ген план төлөмү, архиттектура төлөмү, Исфайрам футбол клубуна, иш чараларга медал жана белектерди алууга) | 2215 | 2800,0 |
8 | Мүлктү учурдагы ондоого | 2221 | 2500,0 |
9 | айылдарга | 3111 | 9000,0 |
10 | башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу | 3112 | 1583,5 |
| Жалпы |
| 16500,0 |
Бөлүм башчы: М.Исажанов