Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 35
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы турак жай куруу үчүн ажыратылган 150,0 гектар жер аянты боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин төлөмдөрүн каржылоо жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айыл өкмөт аймагында турак жай куруу үчүн ажыратылган 150,0 гектар жер аянтынын башкы планы иштелип чыгып, тиешелүү мекемелер тарабынан жер тилкесинин чектерин аныктоо жана бөлүштүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын эске алуу менен, аткарылган иштер үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү максатында А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
- Башкы планды иштеп чыгуу иштерине — 1 373 993 (бир миллион үч жүз жетимиш үч миң тогуз жүз токсон үч) сом;
- Архитектуралык жана жер тилкесин бөлүштүрүү иштерине — 1 014 000 (бир миллион он төрт миң) сом.
3. Каржылоо айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган бюджетинин тиешелүү беренелеринин эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |