Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 38
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги ички жолдорду асфальттоо иштерин жүргүзүү, жолдорду кеңейтүү жана жол боюндагы дарактарды кыюу маселеси боюнча
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында жол инфраструктурасын жакшыртуу, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылуу максатында А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги ички жолдорду асфальттоо иштерин жүргүзүү уюштурулсун.
2. Жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө тиешелүү техникалык нормалар жана коопсуздук талаптары сакталсын.
3. Жол куруу иштерине байланыштуу жол боюндагы тоскоолдук жараткан дарактарды кыюу маселеси мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |