Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2026-жылдын 24-апрели № 39
А.Масалиев айыл өкмөт аймагында кум-шагыл казып иштетүү үчүн жер аянтын сурап кайрылган жеке ишкерлердин кайрылуусун кароо жөнүндө
А.Масалиев айыл өкмөтүнө кум-шагыл казып иштетүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча жеке ишкерлерден арыздар келип түшкөн. Аталган арыздарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык, ошондой эле жерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
- ЖЧК «Асфальт КЖ» жетекчиси Мурзашарипов Мирзохитжон Муродилжоновичке — 5 (беш) гектар;
3. Бөлүнүп берилген жер аянттары белгиленген тартипте ижарага берүү келишими аркылуу пайдаланууга берилсин.
1. Жер аянттарын пайдаланууда экологиялык, санитардык жана техникалык коопсуздук талаптары так сакталсын.
5. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуулар алынгандан кийин гана иш жүргүзүүгө уруксат берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
7. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
А.Койчукулов |