Загрузка документа…
Строительные нормы Кыргызской Республики
Курулуштагы ченемдик документтердин системасы
СЕЙСМИКАЛЫК ИЗОЛЯЦИЯЛОО СИСТЕМАЛАРЫ.
НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
Системы сейсмоизоляции. Основные положения
Seismic isolation systems. Basic provisions
Биринчи жолу
______________________________________________________________________
Киргизүү датасы – 2026.06.20
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Жалпы жобо
1.1.1 Бул курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын аймагында сейсмикалык изоляциялоо системаларын колдонуу менен имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого, курууга, сейсмотуруктуулугун жогорулатууга жана реконструкциялоого жайылтылат.
1.1.2 Бул курулуш ченемдери сейсмикалык жүктөмдөрдү азайтуу үчүн сейсмикалык изоляциялоо системаларын колдонуу менен имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо үчүн КР КЧ 20-02 жоболорун өнүктүрүүгө түзүлгөн.
1.1.3 Бул курулуш ченемдеринин негизги максаттары:
- жер титиреген учурда адамдардын өмүрүн коргоо;
- жер титирөөдөн келтирилген зыянды чектөө;
- жер титирөөдөн кийин имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгүн сактоо;
- адамдарды, анын ичинде мобилдүүлүгү төмөн категорияларды эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу же эвакуациялоонун зарылчылыгы жок.
1.1.4 Бул курулуш ченемдеринде сейсмикалык таасирлерде конструкциялык системалардын динамикалык реакциясын азайтууга арналган сейсмикалык изоляциялоо системалары менен имараттарды долбоорлоо боюнча жалпы жоболор келтирилген.
1.1.5 Сейсмикалык изоляциялоо системалары бар имараттарды долбоорлоо жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча адистештирилген, жер титирөөгө туруктуу курулуш жаатында эксперименттик-теориялык изилдөөлөрдүн тиешелүү тажрыйбасы бар адистештирилген уюмдардын милдеттүү илимий-техникалык коштоосу менен төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- сейсмикалык изоляциялоо системаларын ар бир түрүн биринчи жолу колдонууда, жалгыз жана айкалышта;