Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №71
Мин-Булак айыл аймагындагы бала бакчаларда
тамак-ашка төлөнүүчү сумма тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан берилген Мин-Булак айыл аймагындагы бала бакчалардагы тамак-ашка төлөнүүчү сумма тууралуу маалымат угулуп, талкууланып чыгып, Мин-Булак айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагындагы бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер жыйынында күнүнө 120 (жүз жыйырма) сом өлчөмүндө бирдиктүү тамак-аш төлөмүн белгилөө маселесин кароого чыгаруу сунушталсын.
2. Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин депутаттарына жамааттык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жогоруда көрсөтүлгөн аймактар боюнча тиешелүү ата-энелер жыйындарына катышуу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин төрайымынын орун басары Н.Б. Асаналиева жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |