Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы № 73
Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин төрагайымынын
ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана Мин-Булак айылдык Кеңешинин Регламентинин 6-бөлүмүнүн 6.1-пунктуна ылайык, Кеңештин төрагайымынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жазылган арызынын негизинде, Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын Кеңешинин төрайымы Асадова Анара Карыпбаевнаны өз каалоосу боюнча жана ден соолугуна байланыштуу, Кеңештин жаңы төрагасы шайлангандан кийин анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Ушул токтом Москва району боюнча Аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кеңештин этика, регламент жана мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |