Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 9-апрели №58
Сретенка айылынын Центральная көчөсү №236 дарегиндеги жер участогунун максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук башкармалыгынын шаар куруу корутундусунун негизинде (№1122500480-2025, 2025-жылдын 5-марты), ошондой эле 2025-жылдын 4-апрелиндеги муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк объекттерин, жер тилкелерин берүү жана сатуу, турак жай курулушу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Р.Б. Аматов тарабынан берилген маалымат угулуп, балдардын өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү жана Мин-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин толуктоо максатында айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысы бар – серия Ч №1339608 Короткова Ирина Александровнага таандык (белек катары келишимдин негизинде берилген) Сретенка айылынын Центральная көчөсү №236, жалпы аянты 515,0 м² жер участогунун максаттык багыты үй куруу үчүн берилген багыттан билим берүү борбору катары өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Мин-Булак айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер тилкесинин багыттамасын өзгөртүү боюнча керектүү документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин турак жай курулушу, жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Н Веремеевага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымынын орун басары |
| Лугма П.И. |