Загрузка документа…
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
26-май 2025-жыл №77
Миң-Булак айыл аймагында жайгашкан №827, 828 контурлардагы жерлерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттагы жерлер” категориясына “курулуш алдындагы жерлер” түрүндө пайдаланууга трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участкаларын трансформациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан даярдалган, Миң-Булак айыл аймагында жайгашкан жер участокторун трансформациялоо боюнча материалдарды карап чыгып, талкуулагандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Миң-Булак айыл аймагында жайгашкан №827, 828 контурлардагы жалпы аянты 2,9 га жер участокторун “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “жайыт” түрүндөгү пайдалануу багытынан, “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттагы жерлер” категориясына, “курулуш алдындагы жерлер” түрүндөгү пайдалануу багытына трансформациялоого макулдук берилсин (эс алуу зонасын куруу үчүн).
2. Бул токтом Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.М. Акназаровко жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |