Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №60
2025-жылдын 1-январына карата Мин-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин калдыктарынын бөлүштүрүлүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Мин-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан берилген каржы каражаттарын бөлүштүрүү боюнча маалыматы угулуп жана талкууланып, ошондой эле айылдык кеңештин 2025-жылдын 19-майындагы бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Мин-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин калдыктарынан 5 612 604,55 (беш миллион алты жүз он эки миң алты жүз төрт) сом 55 тыйын өлчөмүндөгү каражаттар төмөнкүдөй багыттар боюнча бөлүштүрүлсүн:
Бөлүм: Аппарат
Чыгашалар статьясы: 2111
- 2111 – 31499,26 миң сом
- 2121 – 5433,63 миң сом
Чыгашалар статьясы: 2824
- Айыл өкмөтүнүн башчысынын 2-чейреке карата резервдик фондуна - 500 000 сом;
- Айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фондунун эсебинен милициянын пункту үчүн кондиционер сатып алууга – 35 000 сом;
Бөлүм: Турак жай коммуналдык чарба
Чыгашалар статьясы: 2222
- 2-чейрекке карата шагыл сатып алууга – 2 000 000 сом
Чыгашалар статьясы: 3111
- Беш-Корук айылындагы спортзалдга брусчатка төшөө жана жылуулук изоляциясына – 2 298 343,67 сом
- Крупское айылындагы ФАПтын аймагын көрктөндүрүү (тосмо коюу, брусчатка төшөө) – 602 327,99 сом
Бөлүм: Орто билим
Чыгашалар статьясы: 3111
- А. Исмаев атындагы орто мектептин спортзалындагы шыпты оңдоого – 140 000 с.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы |
| Асадова А.К. |