Загрузка документа…
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 26-июну №78
2025-жылдын 1-январына карата Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча калган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Акназаров Д.М. тарабынан берилген акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча маалыматын, 2025-жылдын 18-июнундагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, талкуулагандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 1-январына карата Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 8373,5 миң сом өлчөмүндөгү калган акча каражаттары төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлсүн:
Раздел: ТКЖ (түзүлүш, коммуналдык тейлөө)
3112 беренеси:
- Мусоровоз (18,5 м³) сатып алууга – 6900,0 миң сом
- HOWO үлгүсүндөгү (жүк көтөрүмдүүлүгү 25 тонна) самосвал сатып алууга – 1473,5 миң сом
2. Эгерде HOWO самосвалын сатып алууга каралган каражат жетишсиз болсо, жетпеген сумма башка беренелер боюнча тендердик процедуралардын жыйынтыгында пайда болгон үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жабылышына уруксат берилсин.
3. Миң-Булак айыл өкмөтү каражаттарды кайра бөлүштүрүүнү мыйзамда белгиленген тартипте тийиштүү түрдө тариздөөнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кеңештин бюджет, финансы, инвестициялар жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |