Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 20-майы №62
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026–2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026–2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоору каралып чыгып, айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ягуза М.И. тарабынан сунушталган долбоор жана Кенештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-майындагы корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2026–2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомол долбоору төмөнкүдөй көлөмдө сунушталсын:
• 2026-жылга – 77 376,8 миң сом;
• 2027-жылга – 80 294,8 миң сом;
• 2028-жылга – 84 436,8 миң сом.
2. Долбоордун алгачкы варианты Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кенештин бюджет, финансы, инвестиция жана гранттык долбоорлор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Асадова А.К. |