Загрузка документа…
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышы
2025-жылдын 26-июну №81
2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында Миң-Булак айыл аймагында оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесине ылайык,
Кеңештин 2025-жылдын 11-январындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталы үчүн оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Миң-Булак айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Эликбек кызы Токтобубунун 2025-жылдын биринчи жана экинчи кварталында айылдык аймакта оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтү өзүнүн аймагындагы оор турмуштук кырдаалда калган балдар менен зарыл болгон иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп турууну камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык-маданий маселелер, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова.Г.Т |